Канат Исаев: "Казак тарап Кыргызстанга алы жетпегендиктен көк бөрүнүн эрежесин өзгөртүүнү туура көрдү
Парламенттин депутаты Канат Исаев бүгүн 1 мартта маалымат жыйында Казакстан эмне үчүн көк бөрү оюнун эрежесин өзгөрткөнүн айтты.
Маалым болгондой, 14-февралда Алматыда Дүйнөлүк көкпар ассоциациясынын жыйыны болуп өтүп анда оюн бир катар эрежелери өзгөртүлгөн. Алардын бири тай казанды алып салуу чечими.
Канат Исаевдин айтымында казак тарап Чолпон-Атада өткөн таймашта чоң эсеп менен утулуп калгандыгы үчүн Кыргызстанды жеңүүгө болбосун түшүндү. Ошондуктан кыргыз командасына тең келүү үчүн тай казанды алып салышты.
Ага кошумча депутат Москвада өткөн турнирден кийин Россия жаныбарларга болгон орой мамилени текшерүүгө өткөнүн кошумчалады.
"Бирок бул текшерүү көк бөрү мыйзамсыз өткөн үчүн жүргүзүлүп жаткан жок, ал жаныбарларга болгон мамилени гана карап чыгат. Анын үстүнө көк бөрү статистикалык маалыматтар боюнча тоо лыжасына караганда кооптуу оюн", -деди Канат Исаев.
Добавить комментарий ×