Канайым Бактыгулова Кытайдын ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Жумадиловна Кыргыз республикасынын Кытай Эл республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Канайым Бактыгулова буга чейин да Кыргызстандын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси болуп иштеген. 2017-жылдын апрель айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен ыйгарым укугун токтоткон.
Бактыгулованын талапкерлиги Жогорку Кеңеште жактырылып, тиешелүү комитетте жактырылган.
Ал 46 жашта. Кыргыз, орус, англис жана кытай тилдеринде эркин сүйлөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/kanajym-baktygulova-kytajdyn-yjgarym-ukuktuu-elchisi-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×