Садыр Жапаровдун жубайы “Үмүт-Надежда” калыбына келтирүү борборуна барды
Поделиться в:
Президент Садыр Жапаровдун жубайы, биринчи айым Айгүл Асанбаева бүгүн, 4-мартта “Үмүт-Надежда” калыбына келтирүү борборуна барды. Бул тууралуу “Тумар” бий тобу соцтармактагы баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Биздин “Тумар” бий тобу көптөн бери бийлей элек болчу. Бүгүн, 4-мартта биздин “Үмүт-Надежда” калыбына келтирүү борборуна канайым Айгүл Асанбаева белек-бечкектери менен келди. Ал эми, биз биринчи айым үчүн бийлеп бердик”, - деп жазды “Тумар” бий тобу.
Ссылка: https://barometr.kg/kanajym-ajgl-asanbaeva-mt-nadezhda-kalybyna-keltir-borboruna-bardy
Добавить комментарий ×