Канада менен Австралия спортчуларын Олимпиада оюндарына жибербейт
Канада менен Австралиянын Олимпиада комитеттери быйыл Токиодо өтө турчу олимпиада оюндарына жиберүүдөн баш тартты.
Алар эл аралык олимпиада жана паралимпиада комитеттерин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмдарын оюнду бир жылга жылдыра турууга чакырды.
Канаданын Олимпиада комитети өз оюнчуларынын өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салгысы келбейт. Ал эми Австралиянын Олимпиада комитети спортчулар дүйнөнүн чар тарабында машыгып жаткандыктан короавирустан улам аларды бир убакта чогултуу мүмкүн эместигин жүйө келтирүүдө.
Буга чейин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ быйыл жай айына белгелинген Олимпиаданын датасы өзгөрүшү ыктымалдыгын белгилеп, спортчулардын ден соолугу биринчи орунда экенин айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/kanada-menen-avstraliya-sportchularyn-olimpiada-oyundaryna-zhiberbejt
Добавить комментарий ×