Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту 1-июлга чейин берүүгө болот

22 апреля 2020 13:59 940 Barometr
Поделиться в:
ok

Өкмөттүн 2020-жылдын 20-апрелиндеги токтомуна ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту 2020-жылдын 1-июлуна чейин берүүгө укуктуу. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирди. 

Ошол эле учурда камсыздандыруу төгүмдөрун кечиктирип төлөгөндүгү үчүн 2020-жылдын 1-мартынан 31-майына  чейинки отчеттук мезгил үчүн өнбөгөн калдыктардын суммасына туум эсептелбейт.

Бул чаралар коронавирустун өлкөдө жайылышын болтурбоо боюнча чектөө чараларын киргизүүнүн натыйжасында экономикалык иштин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.


Ссылка: https://barometr.kg/kamsyzdandyruu-tgmdr-boyuncha-otchettu-1-iyulga-chejin-berg-bolot



Добавить комментарий