Камчыбек Жолдошбаев: Аманбай Кайыповду эл эттүү кесмеге дагы чакырбай калган

5 февраля 2020 10:19 1390 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башыда салынат деп жаткан логистикалык борбор боюнча эл өйдө-төмөн болуп жатканын айтты.

"Уйгурлар бар, ошолор элди акча берип бузуп жатат. Ушуну өзүңөр барып түздөп койсоңор болбойбу? Ал жакка мурдагы губернатор Аманбай Кайыповду жиберип жатасыңар. Аны эл эттүү кесмеге дагы чакырбай калган", — деп депутат премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылды.

Өз кезегинде Абылгазиев салына турчу логисикалык борбор жалаң гана базар болот деген түшүнүк туура эмес экенин, ал жерде өндүрүш болорун айтты. Логистикалык борбор Нарын экономикалык аймагынын мыйзамдарына баш ийе турганын кошумчалады.

Премьер дагы түшүндүрүү иштеринде кээ бир жерде мүчүлүштүктөр болгонун моюндап, ошол эле учурда маселени башка жакка буруп кетүүгө аракет кылган кызыкдар тараптар бар экенин билдирди.

"Социалдык тармактарда 20-30 киши бар, элди дүрбөтүп, туура эмес пикир жараталы деп жатат", — деди Абылгазиев.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-zholdoshbaev-amanbaj-kajypovdu-el-ett-kesmege-dagy-chakyrbaj-kalgan



Добавить комментарий