Камчыбек Ташиевдин келини Эркайым эмнеге сүйүнүп жатат?

10 июня 2019 10:43 13312 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев белгилүү модель Эркайым Абдуллаевага үйлөнгөн. Жубайлар дүркүрөтө үлпөт тоюн бергенден кийин Жалал-Абад шаарында тураарын билдиришкен.

Эркайым соцтармактагы эң көп берилүүчү суроолордун бири болгон кайын журту тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ал:

"Мен башынан эле келиндик турмушка даяр болчумун, Жалал-Абадда жашайсыңар дешкенде 2 эсе кыйын болот деп ойлогом, бирок андай болгон жок.

Жолдошум да кайын журтум да заманбап адамдар, мага эч ким "сен келинсиң, баарын жасоого милдеттүүсүң" деп айткан жок.

Албетте мен келиндик милдеттеримдин колдон келишинче аткарам. Жолдошум да эркин коёт. Дайыма мени кандай болсом ошондой кабыл алган үй-бүлөгө келин болууну кыялданчу элес, кайын журтум менин "эркелигимди" жакшы кабыл алышты”, -деди.

Ага кошумча Эркайым кыялдарым орундалды деп сүйүнүп турганын да жашырган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashievdin-kelini-erkajym-kajyn-zhurtum-sen-kelinsi-baaryn-zhasoogo-mildetts



Добавить комментарий