Камчыбек Ташиев: Ишкер Тимур Файзиев тергөө менен кызматташмай болду
“Тимур Файзиев тергөө менен кызматташмай болду”,-деп билдирди бүгүн, 8-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте болгон басма сөз жыйынында.
Анын айтымында, бизнесмен тергөө менен кызматташмай болгон жана анын негизинде бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылган.
“Кандай болгон күндө да мамлекетке жана коомчулукка келтирген зыяны үчүн ал жооп берет”,-деп айтты Ташиев.
Эскерте кетсек, 2021-жылы УКМК Тимур Файзиев жетектеген Elite House (Элит Хаус) курулуш компаниясы уруксат берүүчү документтери жок көп кабаттуу турак-жайларды курган деген фактыны аныктаган.
Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-ishker-timur-fajziev-terg-menen-kyzmattashmaj-boldu
Добавить комментарий ×