Камчыбек Ташиев: Элге колдонгон амнистияны эмнеге Садырга колдонууга болбойт?

17 июля 2019 10:43 1196 Barometr
Поделиться в:
ok

“Республика Ата-Журт” саясий партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду бошотуу керек деп эсептейт.

“Садырды бошотуш керек эле, элге колдонгон амнистияны эмнеге Садырга колдонууга болбойт, эмнеге? Сурай турган убакыт келди, аракетти баштайбыз! Жакында Садырдын тагдырына кайдыгер эмес адамдарга кайрылабыз, жардам бергиле!”,-деген пикирин бөлүштү саясатчы.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган

Саясатчы 2017-жылы 2-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 11,6 айга кесилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-elge-koldongon-amnistiyany-emnege-sadyrga-koldonuuga-bolbojt



Добавить комментарий