Камчыбек Ташиев: ”Ээнбаштык” беренеси менен соттолгон эмесмин!
“Республика-Ата-Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Динара Турдугулова тууралуу өзүнүн постун бөлүштү.
“Бул Динара деген карындашым түшүнбөйт окшойт, кайта-кайта эле "ээнбаштык" беренеси менен 1,6 жылга соттолгон деп туура эмес маалыматты таратып жүрөсүң, ай карындашым юридикалык терминди, статьяларды түшүнбөсөң эмне кыласын өзүңдү-өзүң кыйнап заказдуу статьяларды окшоштуруп жазууга аракет кылып, дагын бир жолу сен үчүн айтайын, биз сен айткан "ээнбаштык" статьясы менен соттолгон эмеспиз, бизди 295-статьянын негизинде "мамлекетти күч менен басып алууга жасалган аракет" эң азы 10 жылдан жогору мөөнөт болгон, бирок болгону 1 жыл 5 ай гана берилген, себеби эч кандай далилдер болгон эмес, ал эми акталуу боюнча, буюруса ал күн да келип калаар,эч кыжаалат боло көрбө карындашым, чындык бирөө гана, экөө болбойт!”,-деп жазды саясатчы.
Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-eenbashtyk-berensi-menen-sottolgon-emesmin
Добавить комментарий ×