Камактагы Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылды. Бир ай өтсө да жооп боло элек

16 ноября 2019 22:40 4472 Barometr
Поделиться в:
ok

Камакта жаткан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров президенттен ырайым сурап кайрылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Barometr.kg менен болгон маегинде адвокат Токтосунов камактагы Садыр Жапаров ырайым берүү боюнча кайрылганын кечээ билгенин айтты.

“Кайрылуусунда Садыр Жапаров сотто тагылып жаткан айыптарды жасабаганын билдирген”, - деди адвокат Barometr.kg сайтына.

Кызыкдар тараптар Садыр Жапаровдун жакын туугандары аркылуу бир ай мурда жаздырып алганын, бирок аазыркыга чейин тийиштүү тараптардан эч кандай жооп боло электигин  адвокат кошумчалайт.

Менин билишимче Садыр Нуркожоевичтин туугандарын чакырышып, арыз жаздырып келсеңер чыгарабыз дешкен. Садыр Нуркожоевич арыз жазыптыр, эми президенттин жообун күтөлү. Айрымдар президент билбейт, президентке маалымат жеткен жок деп жатышат. Эгер чын эле президентке жете элек болсо, анда мен адвокат катары жарыя кылып коёюн деп чечтим. Соц түйүндөргө чыкса тез эле жетет эмеспи. Президент өзү айткан: «Текебаев менен Жапаров арыз жазса, мен ырайым менен гана жардам бере алам» деп. Буюрса жакын арада чыгып калаар?”, - деп жазат жактоочу.

Шарабидин Токтосунов ырайым катты Ак үйдөн ким жаздыртып алганын ачыктаган жок.

Мыйзамга ылайык ырайым берүү боюнча кат президенттин атына жазылат. Аны адегенде атайын комиссия карап чыгып, президенттин аппаратына жиберилет. Андан соң президентке чечим кабыл алат.

Эске сала кетели Садыр Жапаров 2017-жылдын март айынан бери Чүйдүн Аламүдүн районундагы Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү жайында жазасын өтөп жатат.

Ал Кылмыш-Жаза Кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгү (барымтага алуу) боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 2017-жылдын 2-августунда соттолуп, 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылган.

Садыр Жапаров өзү бул айып жасалма жана Атамбаевдик режимдин саясий буйрутмасы менен болгон деп эсептеп келет.

 Жапаров барымтага алууга эч кандай тиешеси жок болсо да 2017-жылдын 25-мартынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин адилетсиз камакта жатканын айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/kamaktagy-sadyr-zhaparov-prezidentten-yrajym-surap-kajryldy-bir-aj-ts-da-zhoop-bolo-elek



Добавить комментарий