Камакка алынган Айбашевдин хансарайынан 20 даана баалуу кол саат табылды

30 мая 2018 01:20 2578 Barometr
Поделиться в:
ok

“Түндүк”бажынын мурдагы башчысы Н.Айбашевдин үйүн тинтүү маалында баалуу 20 кол саат жана карыз алгандардын тил каттары табылды. Бул туурасында Tazabek Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына таянып жарыялады.

Билдирүүгө караганда, экс башчыга карата козголгон кылмыш иштин алкагында, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Анын натыйжасында, Айбашев “А” ЖЧК өкүлдөрү менен биргеликтер Кытай Эл Республикасынан келген товарларды мыйзамсыз түрдө бажыдан тариздеп турушкан. Ушундай бир катар мыйзамга дал келбеген аракеттерден улам, мамлекет 166 млн сомдук чыгымга учураган

Ссылка: https://barometr.kg/kamakka-alyngan-ajbashevdin-hansarajynan-20-daana-baaluu-kol-saat-tabyldy



Добавить комментарий