Калың карда жоголгон койчулардын бири таң эрте уюлдук телефон аркылуу жубайы менен байланышкан
«Мал жан аманбы, биз жакшыбыз денеде эле байланыш үзүлүп калганын келиним айтты», -деди изделип жаткан койчунун эжеси. Андан бери эч кандай маалымат жок экенин жакындары кабарлады.
Чүй облусундагы Шамшы жайлоосунда 9-сентябрда жааган калың кардан кийин дайыны чыкпай жаткан тогуз чабан изделүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова ыкчам топ түзүлүп, издөө иштерин жүрүп жатканын билдирди. Чабандардын арасында өспүрүмдөр да бар экенин туугандары кабарлашууда. 14-сентябрдагы расмий маалыматка ылайык, жалпы республика боюнча ушул күндөрү жайлоодон 40 чабан 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 миң 716 кой-эчкиси менен жакага көчүрүлдү. Койчулар тууралуу дагы кошумча маалымат кабарланат
Добавить комментарий ×