Калпакчан жигиттин ЛГБТ парадында өбүшкөнү кызуу талкууланууда

22 июля 2019 17:40 7820 1 Barometr
Поделиться в:
ok

 "Фейсбук" социалдык тармагынын кыргыз сегментинде ЛГБТнын жөө жүрүшүндө калпак кийген жигиттин европа түспөлүндөгү жаш жигит менен өбүшүп жаткан сүрөтү кызуу талкууга кабылды.Бул сүрөт Германиянын Трир шаарында тартылган.

Сүрөттү Нурик Кайбидин тартып алган жана аны колдонуучулар таратууда.Аталган постко колдонуучулар жигит калпак кийип улутту шылдыңга калтырганына ачууланган коментарийлерди жазып жатышат.

Айрымдар бул чет элдик жигит болушу мүмкүн, ага балким калпак белек кылышкандыр деп болжоп жатышат.Башка бир колдонуучу сүрөттөгү жигит кыргыз деп жооп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/kalpakchan-zhigittin-lgbt-paradynda-bshkn-kyzuu-talkuulanuuda



Добавить комментарий