Калп эле дос болгон адамды кантип билсе болот?

8 апреля 2022 08:10 6885 2 Barometr
Поделиться в:
ok

Кээде адамдар досбуз деп коюп, иш жүзүндө жалган дос болот. Мындай адам кыйын күндө таштап кеткенден кайра тартпайт. Бирок жакшы күндөрдө андан өткөн жакшы дос жок. Жалган досту кантип билсе болорун barometr.kg изилдеп көрдү.

Психологдордун айтымында, жалган достун сизге сезилбеген бирок алдыртан байкалган адаттары болот. Алар төмөндөгүчө:

Жалган дос өзү жөнүндө гана айтат. Эгер сиз өз иштериңиз же маселелериңиз тууралуу айтып жатсаңыз зеригип угат. Ошол эле маалда шашылыш жумуштары чыгып жөнөп кетет. Же болбосо мурдагыдай жат болуп калган сөздөрүн айтып сиздин маселеңизди кулак сыртынан кетирет.

Жалган дос анын көмөгү керек болгон учурда аябай зарыл иштери чыгып турган болот.

Ал эми өзүнүн ишине келгенде мындай дос көмөк суроодон эч тартынбайт. Ал сиздин убакытты дагы эс алууңузду дагы эч бир аябайт. Кайсы учур болбосун телефон чалып жаныңызды сууруп алчудай өз маселесин айтат. Же болбосо акчадан жардам сурайт.

Жалган дос сизге элдин көзүнчө сын айтып, орунсуз тамашалап анан “муну достук кылып айтып койдум” деп кутулуп чыгып кетет. Жалган дос сизге башкалар айткан жаман сөздөрдү жеткирип келет.

Мындай дос сиздин ийгиликтерди баалап, кубанбайт тескерисинче кунун түшүрүп салууга аракет жасайт. “Ушуда жетишкендикпи, диетадан алсырап каласың, сүйүү бул алдамчылык” деген сыяктуу сөздөрдү айтып тескери жолго салууга жөндөмдүү.

Жалган дос сиздин артыңыздан сүйлөп сын айтат. Сиздин жеке жашооңузду элге жайып салат.

Жалган дос сизге эскертпей туруп тааныштарыңызга байланышып алардын кызматынан пайдаланат.

Жалган дос сизге ичи тарып, башыңызга кыйын иш түшсө билгизбей табалап турат.  

Ал кылган жакшылыгын милдет кылып, аны элге айтып жүргөндөн тажабайт.

Эгерде досмун деп жүргөн адамда ушундай белгилер байкалса мындай достон алыс качыңыз! Ал сиз үчүн эртең потенциалдуу душман!

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kalp-ele-dos-bolgon-adamdy-kantip-bilse-bolot



Добавить комментарий