Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн күрөшкө чыгат
Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы бүгүн дүйнө чемпионатында алтын байге үчүн күрөшкө чыгат. Финалда анын атаандашы кытайлык Чжаоцзин Ши болмокчу.
Кыргыздын балбаны кызы кечээ жарым финалда казакстандык Алтын Шагаева менен кез келген. Калмира таймашта 2 мүнөт 26 секунданын ичинде атаандашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздап, финалга чыккан.
53 кило салмакта күч сынашын жаткан Кальмира Билимбек кызы чейрек финалда Кальмира Беларустун кызы Алеся Хетманаваны утуп алды. Жарым чейрек финалда даниялык Мария Хильдегаард Вильумсенди, 1/16 финалда Азербайжандык Эльнура Маммадованы жеңип алган.
Өспүрүмдөр арасында кыздар күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Болгария борбору София шаарында өтүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kalmira-djn-chempionatynyn-altyn-bajgesi-chn-krsht
Добавить комментарий ×