Калифорниянын түндүгүндөгү өрттү өчүрүүгө эми Австралиядан жана Жаңы Зеландиядан куткаруучулар келет

6 августа 2018 20:00 1078 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Калифорниядагы токойлордо жалбырттап өчпөгөн өртткө каршы эми Австралиядан жана Жаңы Зеландиядан жардамга куткаруучулар жиберилди. Бул туурасында Америкалык  CNN телеканалы билдирет. 

Өрткө каршы куткаруучулардын директору Кен Пимлоттун айтымында 40 миңге жакын адам турак-жайын таштап, башка жакка көчүрүлгөн. Тилсиз жоого каршы учурда Калифорниядагы жергиликтүү 14 миңдей куткаруучулары өрттү өчүрүүгө аракет кылышууда. 

Жалбырттаган өрт улам ысыктан күчөп олтуруп, бир топ аймакты күйгүзүп кеткен. Эми, Калифорниянын өз куралдары жетишпей, Австралиядан жана Жаңы Зеландиядан бүгүн 6-августта өрттү өчүрүүгө жаңы күчтөр келиши күтүлүүдө. 


Ссылка: https://barometr.kg/kaliforniyanyn-tndgndg-rtt-chrg-emi-avstraliyadan-zhana-zhay-zelandiyadan-kutkaruuchular-kelet



Добавить комментарий