Жогорку соттун төрайымы Карамушкинаны “сотторго ишеним жок” деп элге жаман түшүнүктү сиңирбеңиз деди
Бүгүн 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында сот системасына байланыштуу маселе каралууда. Жыйында депутат Ирина Карамушкина сотторго ишеним жоголду деген кыязда, Кулматовго байланыштуу соттук иштерди мисал катары корсөттү.
“Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Рйымбек Матраимовду кайра кызматына кайтаруу боюнча чечим кабыл аган судья азыр Кубанычбек Кулматовго байланыштуу ишти карап жатат. Кулматов Бажыдагы коррупциялык схемалар үчүн учурунда Матраимовду жумуштан алган. Бул жерде моралдык этикалык норма кайда? Биринчи май райондук сотунда башка судья жокпу? Канча ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү судья канааттандырбай жатат. Биз мындайда кантип сиздерге ишенебиз?” – деп суроо салды депутат.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева депутатка жооп кылып, “сотторго ишеним жок” деп элге жаман түшүнүктү сиңирбөө керектигине токтолду.
Мен сиздин эмоцияларыңызды түшүнө албай жатам. Биз баарыбыз мамлекеттик кызматкерлербиз. Биз Баш мыйзамга ылайык, иш боюнча эч кимге отчет бербейбиз. Ошондуктан бул жерде кайсы бир ишти мисал катары көрсөтпөңүз.
Сотторго ишеним боюнча: Сиз бул жерде Жогорку Кеңештин бийик трибунасында “сотторго ишеним жоголду” деп айтып жатсаңыз, элде да ошондой түшүнүк пайда болот. Эгер судьянын ишке кызыкчылыгы бар экени далилденсе өтүнүч кабыл алынат. Өтүнүч канааттандырылбаса жогорку инстанцияларга кайрылгыла, алар маселени карап чыгат”, - деди Калиева.
Добавить комментарий ×