Калдык сактоочу жайдын коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн Жерүйгө дүйнөлүк деңгээлдеги адистер чакырылды
21-январда Жерүй алтын кенинде көз карандысыз эл аралык Sensor Group компаниясынын адистеринин, Талас облусунун активисттеринин, ошондой эле өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бузурманкуловдун жана көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда, калдык сактоочу жайлардан агып кетиши мүмкүн болгон жерлерди аныктоо боюнча иштер башталды.
Эл аралык Sensor Group компаниясынын өкүлү Мартин Рубиновский журналисттерге иштин кандай жүрүп жаткандыгын айтып берди.
"Азырынча 45 000 чарчы метрлик калдыктарды сактоочу жайдын бети кароодон өткөрүлүп, үч гана жери аныкталды. Бул жерлер тез арада локалдаштырылып, кемчиликтер жоюлду. Алар биздин Sensor DDS Mobile жабдууларынын жардамы менен калдыктардын агып кетиши мүмкүн болгон жерлери текшерилди. Биздин максатыбыз калдыктарды сактоочу жайдан сыртка агып кетүүчү чекиттерин аныктоо, текшерүү иштери 14 күнгө созулат ", - деп түшүндүрдү ал.
Бул аракеттер Жерүйдүн “Альянс Алтын” компаниясы, калдык сактоочу жайдын курулушундагы кемчиликтерди аныктоо үчүн дүйнөлүк абройго ээ болгон көзкарандысыз компанияны чакырып, алтын кен комбинатынын толук экологиялык коопсуздугун камсыз кылууну каалагандыгын көрсөттү.
Адистер журналисттерге, Жеруй алтын иштетүүдө колдонуп жаткан технологиялар калдык сактоочу жайдын иш жүзүндө коопсуздугун камсыз кылат деп түшүндүрүштү.
“Кооптуу таштандылар классификаторуна ылайык, 2019-жылдын 20-июнунда No 342, Жерүй фабрикасынын таштандыларды сактоочу жайы эң коопсуз делген 5-класска кирет. Ал жерде жарым кургак сактоочу жай колдонулат: анын нымдуулугу 20% га чейин жетет. Ал эми, калдык сактоочу жайдын түбүнө коюлган геомембраналар нымдуулуктун дренажын, ошондой эле жаан-чачын убагында да толугу менен коопсуз болуп, көлмө аркылуу суу алтынды кайра иштетүүчү фабрикага кайтып келет», - деп түшүндүрүштү эксперттер.
Калдыкты жарым кургак сактоочу жайдын өзгөчөлүктөрүн кошумчалап, AAEngineering компаниясынын өкүлү (калдык сактоочу жайларды курган компания): “Жер беш катмар менен корголгон. Калдык сактоочу жайдын тыгыздалган жерине 20 сантиметрлик тегиздөөчү кумдуу топурак төшөлүп, андан соң экологиялык таза Россияда жасалган геотекстильдер капталат, үстүнө Австрияда жасалган 2 мм калыңдыкта геомембраналар төшөлөт, андан кийин дагы геотекстильдер төшөлөт. Мунун бардыгы калыңдыгы 50 сантиметр топурактын коргоочу катмары менен тыгыздалат. Бул технология калдыктарды сактоочу жайдын коопсуздугун камсыз кылат, суунун жер астындагы горизонтторго агып кетишин жокко чыгарат », - деп түшүндүрдү Мамбеткул кызы Айзада.
Маалымдама
Sensor Group Словакия Республикасында 1990-жылы негизделген жана Улуу Британия, Германия, Чехия, Түркия, Канада жана Чилиде кеңселери бар; анын дистрибьютерлери Японияда, Түштүк Кореяда, Италияда жана Сербияда иштешет. 1 700дөн ашуун долбоорлордо сенсордук технологиялар колдонулуп, жалпысынан 17 миллион чарчы метрден ашык геомембранын ишенимдүүлүгүн камсыз кылат. 1991-жылы Братиславага жакын жерде орнотулган биринчи мембрана бүтүндүгүн көзөмөлдөө тутуму азыркыга чейин ийгиликтүү иштеп жатат.
Добавить комментарий ×