Анкара шаарында кайталангыс талант Чолпонбек Базарбаевди эскеришти

24 декабря 2019 14:53 1475 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Элчилиги ТҮРКСОЙ менен биргеликте Анкара шаарынын Мамлекеттик опера жана балетинде кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 70-жылдыгына арналган эскерүү маданий иш чарасын уюштурду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Статс катчысы Бактыбек Секимов билдирди.  

Иш чаранын алкагында, даӊазалуу кыргыз балерини Чолпонбек Базарбаевге арналган эскерүү сѳздѳрү, сүрѳт кѳргѳзмѳсү жана «Аккуу кѳлү» балети тартууланды. ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дюсен Касеинов атактуу артисттин ѳчпѳс ѳнѳрлѳрүн белгилеп, кыргыз маданиятында кайталангыс талант экендигин айтып ѳттү. Эскерүү сѳзүндѳ Элчи Кубанычбек Омуралиев кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныта алган жылдыздын кыргыз маданиятына кошкон эмгектерин белгилѳѳ мененЧолпонбек Базарбаевдин ысымы кыргыздын кыйырынан ашып, башка боордош элдерге, чет мамлекеттерге чейин белгилүү болуп таанылып келгендигин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kajtalangys-talant-cholponbek-bazarbaevdi-esker



Добавить комментарий