Кайсы партияга добуш бересиз? Тизме
Күздө боло турчу парламенттик шайлоого расмий старт берилбегени менен саясий айдыңда жандануу башталды. Бир катар партиялар катарын жаңыласа, айрымдары логотиптерин жаңылап жатат.
КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамдын 60-беренесине ылайык, Жогорку Кеңешке юстиция министрлигинен өткөн партиялардын мүчөлөрү депутат болуп келет.
Алар шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күнгө чейин 6 айдан кем эмес мөөнөттө юстиция органдарында белгиленген тартипте каттоодон өткөн жана\же кайра каттоодон өткөн саясий партиялар болушу кажет.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча акыркы 10 жылда Кыргызстанда 130дан ашык жаңы партия катталган.
Азырынча кайсы партиялар парламенттик шайлоого катышарын так айта элек.
Ошентсе да “Барометр” сайты учурдагы партиялардын кайсынысы шайлоочулардын колдоосуна ээ болушу ыктымалдыгын сурамжылоо аркылуу билип көрүүгө аракет кылды.
Ссылка: https://barometr.kg/kajsy-partiyaga-dobush-beresiz-tizme
Добавить комментарий ×