Кимдер "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун ала алат? Жол-жобосу

5 март 2020 13:26 5238 11 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (ЭСӨМ) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) “үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөкпулду алуунун жол-жоболорун маалымдайт. Бул тууралуу ЭСӨМдин басма сөз кызматы билдирди.  

Кайсы үй-бүлө “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун ала алат?

  • «Үй-бүлөгө көмөктү» төмөнкү үй-бүлөлөр ала алат:
  • 16 жашка чейинки балдары бар;
  • Үй-бүлөдө бир адамга бир айлык киреше кепилденген эң төмөнкү кирешеден, б.а. 1000 сомдон төмөн болсо.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоо үчүн кайда кайрылуу керек? 

“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун дайындоо үчүн факт түрүндө жашаган жери боюнча эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуу керек, муну менен катар катталган жери мааниге ээ эмес.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынат? 

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо эске алынат:

  • айлык акы, стипендия;
  • ишкердик ишинен түшкөн кирешелер (салык органдарынын маалымкатынын негизинде);
  • жерди, үйгө караштуу участокту иштетүүдөн, мал чарбасынан түшкөн кирешелер (айыл өкмөтүнүн маалымкатынын негизинде) жана башкалар.

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо кайсы кирешелер эсепке алынбайт? 

«Үй-бүлөгө көмөк» дайындоодо төмөнкү кирешелер эске алынбайт:

– пенсиянын бардык түрлөрү;

– мамлекеттик жөлөкпулдар;

– сөөк коюу үчүн жөлөкпулдар;

– кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар;

– жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар жана башкалар.

 «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу кандай өлчөмдө дайындалат? 

 «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү 810 сомду түзөт.

Эгерде үй-бүлө райондук коэффициенттер белгиленген бийик тоолуу, алыскы же жетүүгө кыйын жерде жашай турган болсо, анда жөлөкпул коэффициенттерди эске алуу менен төлөнөт.

 «Үй-бүлөгө көмөк» дайындоо үчүн кайсы документтер керек? 

 паспорт;

факт түрүндө жашаган жеринен үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат;

балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк;

үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси тууралуу маалымат;

банктык маалымдаректер.

Керек болгон учурда кошумча берилет:

  • ишсиз эмгекке жөндөмдүү үй-бүлө мүчөлөрү үчүн иш менен камсыз кылуу органдарынан маалымкаттар;
  • жердин өлчөмүн жана түшүмдүүлүгүн көрсөтүү менен жердин барлыгы тууралуу маалымкат;
  • мал чарбасынын түрү жана саны тууралуу маалымкат;
  • статусту же кирешени тастыктоо зарылдыгына жараша башка документтер.

 «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун дайындоого ким кайрыла алат? 

Ата-эненин бири (же камкорчу). «Үй-бүлөгө көмөк» бардык документтер берилген айдан кийинки айдын биринчи числосунан тартып бир жылдык мөөнөткө, дайындалат, бала 16 жашка чыкканга чейин гана!

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ !!! Эгерде бала толук мамлекеттин камсыздоосунда болсо, анда ага жөлөкпул дайындалбайт.

 Дайындалган «үй-бүлөгө көмөк” кайдан төлөнөт? 

 «Үй-бүлөгө көмөк» банк аркылуу, ал эми банк жок болгон калк отурукташкан пункттарда – почта бөлүмдөрү аркылуу төлөнөт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kajsy-j-bl-j-blg-kmk-zhlkpulun-ala-alat



Добавить комментарий

  • Саламатсыздарбы мн январда тапшырдым еле февральда келбеди пособия
  • Ирсалат 5 лет назад
    Эн жакшы маалымат экен. Жергиликтуу озун-озу башкаруу аймактарындагы соцадистик болумдор ,ушул эле маалыматты карапайым калкка тушундуро алышпаган учурлар болот.
  • Гулкайыр 5 лет назад
    Саламатсызбы мен кайната кайненем менен жашайм,2балам бар, жер мал мулк кайнатамдын жана кайнагамдын наамында. Мен жолок пул ала аламбы?озум иштебейм
  • Саламатсыздарбы мен 3 балам бар матадиночкамын кантип алсам болот үч балам тең озумдун фамилямда ? Бишкекте жашайм кайсыл жака кайрылсам болот
  • Женишбек 5 лет назад
    Комиссия келип оо машина бар экен холодильник бар экен уйун жакшы экен деп бербей койот .ошолор да эсептелеби ? Же машина алыпбердиби окмот
  • Саламатсыздарбы менин торт балам бар мектеп жашында.жолдошум бала бакчада убактылуу от жагып иштейт 5айдан кийин айлыгы токтойт балдарга жолок пул тапшырайын десем жумуш токтогондон кийин уч айдан кийин болот дейт.уч айга чейин кыйын эле болуп кетет да ушуга кандай карайсыздар
  • Эки балам бар. Жолдошум менен ажырашып кеткем. Азыр бала багуу үчүн эмгек акысы сакталбаган өргүүдөмүн. Балдарымды багуу үчүн үй-бүлөгө көмөк жөлөк пулун ала аламбы? Башка киреше булактар жок. Иштеп жүргөндө айлык бар болчу, азыр айлык да жок. Анткени кызым кичине болгондугуна байланыштуу эмгек акысы сакталбаган өргүүдөмүн.
  • Саламатсыздарбы менин куйоом каза болуп калган 10жылдай болуп калды балдарыма акча чыккан 2мин сом эки балама бирок акчасы кобойбойт негизи кобойуш керек екен 10жылдан бери 2000сом бойдон акча кошулган жок
  • Мен пенсияга чыкамын пенсиям 2970 сом 3 балама жөлөк пул алсам болобу?
  • Ушул өкмөттүн акчасын жөн эле берип койсо биз жыргаганыбыздан сурап аткансып жалдыратты го айылда же жумуш жок же илгеркидей завод фабрика жок экөөбүз тең ишсизбиз 4балабыз бар убактылуу мектепте от жаккандардын пасобиясын кесип салса болобу
  • Таттуугул 5 лет назад
    Саламатсызбы мен да жөлөк пул алайын деп былтыры чуркап такыр эле бүтүрө албай койдук жолдошум экөөбүз тең иштебейбиз кайната кайнене мн турабыз алар да иштешпейт ,Айыл өкмөттөгү эже болсо силер байсыңар силерге чыкпайт деп справка бербей койгон ушул туурабы үйүңөрдө холодильник баар үйүңөр тооло сеп мн силер бай үй-бүлөөгө киресиңер деп справка жазып бербей койгон.Ошол бойдон барбадык