Кайрымдуулук фонду кан системасынын оорусу менен ооругандарга абдан керектүү дары белекке берди

22 декабря 2020 11:14 3741 Barometr
Поделиться в:
ok

Жаңы жылдын алдында, «Help the Children-SKD» фонду Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Гематология бөлүмүнө жалпы суммасы 725 000 сомду түзгөн кымбат баалуу, абдан керектүү болгон Циклоспорин А дары каражатын тапшырды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бул дары апластикалык анемия диагнозу коюлган балдарды дарылоо үчүн керек. Бул саамалык буга чейин Бишкек эл аралык аялдар клубу менен биргеликте өткөрүлгөн кайрымдуулук маскарад-балынын аркасында мүмкүн болду.

«Help the Children-SKD» коомдук кайрымдуулук фонду Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дары-дармектерге болгон муктаждыктарын канааттандырып, борбордун бөлүмдөрүнө бир нече жолу жардам берип келген жана жардам берип келет.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Фондго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Негизги белек жана башкы ыраазычылык - бул балдардын жылмаюусу», - деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Фонддун президенти Елена Конева кереметтер ушуну менен эле токтоп калбастыгын, үч ооруканадагы 120 балага жаңы жылдык белектер берилерин айтты.

Маалымат үчүн:

Апластикалык анемия - бул кан системасынын оорусу, анда бардык көрсөткүчтөр төмөндөйт: гемоглобин, тромбоциттер ж.б. Бул ооруну дарылоонун негизги жолу ай сайын өмүр бою ар кандай кан препараттарын куюу, бирок толук дарылоо үчүн Циклоспорин А каражатын колдонуу же сөөк чучугун трансплантациялоо керек. Убагында дарыланбасаңыз, өмүргө коркунуч туудурган шарттар пайда болушу мүмкүн: мээге кан куюлуу, кан агуу, кандын уюшунун бузулушу, ал тургай өлүмгө жеткириши мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/kajrymduuluk-fond-tarabynan-kan-sistemasynyn-oorusu-menen-oorugandarga-abdan-kerekt-dary-belekke-berildi



Добавить комментарий