Кайрат Примбердиев: Карасам апам тизелеп отуруп алып Кудайга жалынып атыптыр. Көзүнөн жашы куюлат

14 ноябрь 2019 16:05 7442 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Кайрат Примбердиев апасы Күлипа Кубанычбекованы бүгүнкү туулган күнү менен куттуктады. 

Ал апасына каалоо тилектери менен бирге балалык кезиндеги болгон окуяны эстеди.

“Эсимден кетпейт...1997-98 жылдар болжолу менен биз кичинекей бала кезибиз. Ошол жылдары аябай кыйынчылык заман эле. Ачарчылык болуп аткан. Бир күнү таңга маал бир шыбырттан ойгондум. Карасам апам тизелеп отуруп алып Кудайга жалынып атыптыр. Көзүнөн жашы куюлат. "Кагылайын Кудай ушул балдарымдын курсактары ток болсун, ушул балдарым оорубасын, балдарым аман эсен чоңойсун"деп апам. Мен жашоомдо болуп аткан жетишкендиктеримди, ийгиликтеримдин баарын ошол күнгө байланыштырам. Ошондогу сиздин Кудайдан жалынып жалбарып суранганыңыздын баарын Кудайым берди деп эсептейм! Бүгүн сиздин туулган күнүңүз! Бар болуңуз апа! Өмүрүңүз узун болсун! Ден соолугуңуз чың болсун! Түбөлүк карызмын сизге! Миңдеген алкыш сөздөрдү айтсам да аздык кылат!Биздин үйдүн жарыгысыз!” – деп эскерди ырчы.

Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-primberdiev-karasam-apam-tizelep-oturup-alyp-kudajga-zhalynyp-atyptyr-kznn-zhashy-kuyulat



Добавить комментарий

  • Туулган кунунуз менен Кулипа эже😘😘аман болунуз, ден соолугунуз бекем болсун🤲. Менин апамдын классташы Жана подружкасы. Демек сиз менин да апамсыз😊
  • Апче туулган кунунуз кут болсун. Сизди балдарыныздын ийгилигине болонгон бактылуу эне деп билем. Мээнетиниз жанып коп жашаныз. Сизди сыйлап урматтаймын