Видео. Кайрат Нуртас түркчө "акцент" менен ырдап элди таң калтырды

24 января 2019 11:36 2370 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Белгилүү казак ырчысы Кайрат Нуртастын кайсыл гана чыгармасы болбосун көпчүлүктүн жүрөгүнөн түнөк таап келет. Ал күйөрмандарга жаккан чыгарманы табуу үчүн талыкпай эмгектенээрин такай айтып келет.

Ырчы башка улуттардын чыгармаларын которуп ырдап жүргөн учурларда жок эмес. Ал акыркы жолу өзүнүн инстаграм баракчасына түрк ырчысы Таркандын ырын жөн гана отуруп ырдап койгон видеосун жүктөдү. Видео чыгаары менен интернет колдонуучулары "Кайрат эми түркчө ырдайт экен" деген маалымат тарап жатканын айтышып "бул ырды да казак тилине которуп чык" деген өңдүү пикирлерин жазып калтырышты. Айрымдар "акцент" менен ырдаптыр деп сын тагууга да жетишишти.

Эске салсак, Кайрат Нуртас кыргыз эстрадасындагы кесиптештеринин да ырларын казак тилинде аткарып келет.

Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-nurtas-emi-trkch-yrdajby



Добавить комментарий