Кайрат Кыргыз: "10 жыл эрте болгондо Айчүрөк Иманалиеваны Алла Пугачёва кылып алмакмын"

2 мая 2019 10:26 10948 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Өзгөчө образы менен көпчүлүккө таанымал болгон ырчы Кайрат (Кыргыз) Салмакеев ырчы Айчүрөк Иманалиевага болгон сезимдерин айтып элди таң калтырды.

“Екатерина эжебизден сыйлык алган, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, кыргыздын примодоннасы, урматтуу Айчүрөк Иманалиева менин жанымда турганына кубанып турам. Каап, 10 жыл эрте болгондо Алла Пугачёва кылып алмак экенмин”, -деп билдирүү калтырды.

Салмакеевдин бул билдирүүсүн окурмандары тамаша катары кабыл алышканы менен ырчынын жаңы образын Филипп Киркоровго аябай окшоштурушту. Ал эми ырчы Кайрат Салмакеев бир сөз менен мен Филипке эмес ал мага окшош деп кесе жооп берди.

Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-kyrgyz-10-erte-bolgondo-ajchrk-imanalievany-alla-pugachyova-kylyp-almakmyn



Добавить комментарий