Кайрат Иманалиев УТРКнын жетекчиси кызматынан бошотулду
Поделиться в:
Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду”, -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×