Кайрат Иманалиев маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды
Поделиться в:
Белгилүү драматург Кайрат Иманалиев мадания, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты тактоо үчүн Кайрат Иманалиевге Barometr.kg сайтынын кабарчысы байланышканда ал:
"Мен бул кызмат ордуна олтурам деп күткөн эмес элем. Рахмат айтам. Чындыгында күтүүсүз жаңылык болду" -деп билдирди.
Эске салсак бул кызматты буга чейин Айнура Темирбекова аркалап келген.
Кайрат Иманалиев драматург, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана Токтоболот Абдумомунов атындагы сыйлыктын лауреаты. Ал КТРКда башкы директорунун радио уктуруулар боюнча орун басары болчу. Иманалиев ал кызматын былтыркы жылдын май айында тапшырып берген.
Добавить комментарий ×