Кайрадан ызы чуу. Ачууланган айдоочу жүргүнчү аялды чаап жиберди
Кайрадан маршуруттк таксилердин биринде жүргүнчүлөр менен айдоочунун ортосунда ызы-чуу орун алды.
Тактап айтсак, “Кара-Балта Бишкек” багыты боюнча элди ташыган 302-маршурутканын айдоочусу балдарынын көзүнчө аялды сабаганы тууралуу маалымат социалдык тармактарда кабарланды. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Айдана Абдылдаева өзүнүн жеке баракчасында жазды.
Анын айтымында, катуу ачууланган айдоочу жургүнчүгө музыканын үнүн азайтууну айтып катуу жинденген.
"Ал тургай унаасын токтотуп алып аялдын жаш балдарынын көзүнчө уруп жиберген. Мындан улам балдар катуу коркуп ыйлашкан", - деген маалыматты билдирген.
Милиция бул маалыматты текшерип жаткандыгын Barometr.kgге билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/kajradan-yzy-chuu-achuulangan-ajdoochu-zhrgnch-ayaldy-chaap-zhiberdi
Добавить комментарий ×