Кайрадан өрт. Жалал-Абадда "Рахат" базары өрттөнүп кетти
Жалал-Абадда курулуш материалдарын саткан базарда өрт катталды. Бул тууралуу КР ӨКМдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 8-декабрдан 9уна караган түнү саат 00:42 де ӨКМне Ж. Шерматов көчөсүндө жайгашкан "Рахат" базарында өрт чыккандыгы тууралуу кабар түшкөн. Өрт толугу менен ошол эле түнү 03:00 дө өчүрүлгөн.
Тилсиз жоо жалпысынан 350 кв. метр жерди камтып, жыйынтыгында 3 жыгач цехи жана курулуш материалдарын саткан 3 магазин толугу менен күйүп кеткен.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.
Эске салсак, быйылкы жылы базарларда өрт чыккан жагдайлар абдан көп катталып, көпчүлүктү ойго батырууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kajradan-rt-zhalal-abadta-rahat-bazary-rttnp-ketti
Добавить комментарий ×