Кайгыга муунган эл. Ирандын генералы Касем Сулейманинин сөөгү Тегеранга алынып келди

6 январь 2020 20:23 8585 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Иракта ракеталык соккудан улам каза болгон "Аль-Кудс" атайын даярдыктагы бөлүмдүн генералы Касем Сулейманинин сөөгү Ирандын борбору Тегеран шаарына алынып келди.

Aljazeera телеканалынын маалымдашынча, аны менен коштошууга келгендердин саны Тегерандын борбордук көчөлөрүнө батпай калган.

Маалыматка ылайык, борборук аянтка чогулган аял-эркектин баары кара кийинишкен. Бул аза күтүүнүн белгиси.

"Сулейманинин өлтүрүлүшү боюнча жума күнү чогулгандар саны жагынан Ирандын биринчи лидери жаратылыш кырсыгынан каза болгон Айатолла Хомейнини 1989-жылы жерге берүү зыйнатына келгендер менен салыштырылууда. Бул күнү миллиондогон киши көчөгө баптай калган. Мындай көрүнүш Ирандын жаңы тарыхындагы жерге берүү зыйнатына эң көп келген учур катары калган", — деп жазылат маалыматта.

Шейшемби күнү Сулейманинин сөөгү жерге берүү үчүн кичи мекени Керман шаарына алынып келет.

Эске салсак, Ирандын генералы 2-январда АКШ авиациясынын абадан болгон соккусунда Багдадда каза болгон. Ал Ирандын аскер күчтөрүнүн чет жактагы операцияларын уюштурууга жооптуу болчу.

Ирандын «Аль-Кудс» уюму 2019-жылы апрелде АКШда террордук уюм катары таанылган.

Өз кезегинде расмий Тегеран АКШнын мындай аракети жоопсуз калбай турганын айтып, сөзсүз түрдө өч аларын билдирген.


Ссылка: https://barometr.kg/kajgysyna-muungan-el-irandyn-generaly-kasem-sulejmaninin-sg-tegeranga-alynyp-keldi



Добавить комментарий