Кайгуул кызматкерлерин коркуткан айдоочунун видеосу кызуу талкууланып жатат

9 декабря 2020 13:32 1164 Barometr
Поделиться в:
ok


Социалдык тармактарда милициянын кайгуул кызматы менен жол эрежесин бузган жарандын катышуусундагы видео таркады.  Бул видео интернет колдонуучуларынын айрымдарын күлкүгө бөлөсө, кээ бирлеринин кыжырана тийди.

Жарыяланганына аз убакыт болсо да соцтармак колдонуучулары тарабынан активдүү талкуу болуп жатат.

Анда, жол  эрежесин бузган адамды токтоткон кайгуул кызматкерге айдоочу күбөлүгүн көрсөтүп, менин ким экенимди билдиңби дегендей мамиле кылган.

"Эмне болду? Каякка жүр? Мен үйүмө кетип бара жатам. Мени койо бер? Кантип мени койо бере албайсың", - деп орой мамиле жасаган айдоочу.

Жол эрежесин бузган адам күбөлүгүн көрсөтөрү менен кайгуул кызматкеринин келбети өзгөрүп, сүйлөргө сөз таппай калган.

Соцтармак колдонуучулары да билдирүүлөрдү калтырып, кызуу талкуулап жатышат.

“Кебетеси кантет. Ким болду экен? Мынчалык милицияны коркуткан жаран”, - деп жазды Улан Артыков деген колдонуучу.

“Ой бул Кудай го. МАИнин жүрөгүнүн үшүн алган”, - деген билдирүү калтырды Айтурган Нурбекова аттуу колдонуучу.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы “Барометрге” бул  бир жыл мурда тартылган  видео экенин айтты. 

"Анда айдоочу мас абалында унаа башкарып баражаткан жеринен кайгуул кызматкерлери тарабынан кармалып, унаасы убактылуу токтотуучу короо жайга киргизилген", - деп билдирди милициянын кайгуул кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/kajguul-kyzmatkerlerin-korkutkan-ajdoochunun-videosun-soctarmak-koldonuuchulary-kyzuu-taluulap-zhatyshat



Добавить комментарий