Милицияга карата чагымчыл аракет жасаган жаран кармады (Сүрөт)
Милициянын кайгуул кызматына карата атайын чагымчыл аракет жасаган жаран кармады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Милициянын кайгуул кызматынын иш учурунда сүрөт жана видеого тартып, туура эмес маалымат тарткандарга чара көрүлөт.
"Айрым биздин аша чапкан жарандар тарабынан атайын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жаткан кызматкерлерди чагымчыл аракетте мобилдик телефон аркылуу сүрөткө же видеого тартып, иштеп жаткан кызматына тоскоолдук жаратып, алар менен теңме–тең айтышып, кээ бир учурда кызматкерлерди сөгүп, такталбаган маалыматтар менен жамандап келген учурларды ар кандай интернет сайттардан чыгууда. Мисалы, 2-августда “shtraf_kg” аталышындагы “Instagram” баракчада өзүнүн жол кыймылынын эрежесин бузгандыгын билип туруп, милициянын кайгуул кызматкерлерин атайын каралоо максатында чагымчыл аракеттер менен видеого тартып, туура эмес багытта коомчулукка көрсөтмө жасаган. Эртеси кызматкердин төшүндөгү видео-трекерден ошол факты тууралуу текшеришкенде кызматкерлер тарабынан мыйзамдуулук, тартиптүүлүк жана нускамада көрсөтүлгөн эрежелер аныкталып, айдоочу өзү атайын чагымчыл аракеттерге баргандыгы далилденген. Ошондой эле кетирген кемчилиги үчүн кийин кызматкерлерден кечирим сураганы да видеодо көрүнгөн", - деп айтылат маалыматта.
Милициянын кайгуул кызматы жарандарга атайын чагымчылдык аракеттерге жана туура эмес такталбаган маалыматтар менен жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп турган кызматкерлерди сүрөткө жана видеого тартып таратпоого чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/kajguul-kyzmatkerdi-mobildik-telefongo-videogo-tartyptaratpoogo-chakyrat-srt
Добавить комментарий ×