“Кайдасың жаным?”: Аял үч эркекти катуу сүйдүрүп, алар бири-бирин өлтүрүп тынышты

8 июля 2019 17:20 11935 23 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Караганда областынындагы Жезказган шаарында бир эле учурда үч эркек менен жүрүп кеткен аялдын окуясы кайгылуу аяктады. Бул тууралуу kyn.kz кабарлады.

Сүйүү үч бурчтугун түзүп алган аял эки баланын энеси. Биринчи тийген күйөөсү менен расмий түрдө ажырашкандан кийин, ал дароо эле эки эркекти көңүлдөш кылып алган. Алардын бири-атайын бөлүктүн кызматкери, экинчиси полиция кызматкери экени белгилүү болду. Жагымдуу жана өзүн аябай карап жүргөн аялдан күйөөсү кетпей койгон жана аны менен чогуу жашап, аял ошол эле учурда түнкү жолугушууларга барып турган. Бул окуянын соңу кайгы менен аяктады.

Кадишанын оюндарына күйөөсү көз жумуп жашай берген.

Атайынын бөлүктүн кызматкери аялды катуу сүйүп анын дагы бир атаандашы полиция болуп иштей турганын билгенде аябай жинденип, аялдын артынан түшүп, сары изине чөп салып кайтарууга алып турган.

1-июнда Кадиша 46 жаштагы полиция кызматкеринин квартирасына жолугушууга барган. Ал анын курсагын тойгузуп, кечки тамагын берип, нөөмөткө барчу формасын үтүктөгөн.

Алар уктап калган кезде аялды аңдып отуруп келген атайын бөлүктүн кызматкери чиркейден коргонуучу торду алып салып квартирага терезе аркылуу кирген. Квартира биринчи кабатта болгон. Бутунун учу менен басып барган  кызганчаак кызматкер уктап жаткан полицияны бир нече ирет сайып өлтүргөн. Полиция керебетте кансырап өлгөн.

Аялды кыйкырсаң өлтүрөм деп коркуткан эркек кийинтип алып күйөөсү менен балдарына аман-эсен жеткирген. Аял эч нерсе болбогондой тынч жатып калган.

Полиция эртең менен ишке чыкпай калганда кесиптештери аны издеп, сөөгүн табышты. Кадиша анын көз алдында өлгөн полицияга шектүү болбош үчүн эртең менен туруп “кайдасын жаным?” деп смс жазган.

Сурак маалында ал баарын танып кетүүгө аракет кылды.

Атайын бөлүктүн кызматкери кармалды. Караганда областынын соту 29 жаштагы жигитти 14 жылга эркинен ажыратты. Кадишага сот 5 миллион 946 тенге айып пул салды, бирок каза тапкан полициянын бир тууганы аялды катуу жазалоону талап кылууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kajdasy-zhanym-ayal-ch-erkekti-katuu-sjdrp-alar-biri-birin-ltrp-tynyshty



Добавить комментарий