Кайда жүрсөң таап алам! Зордукчунун аялы келип зордукталган кызды коркутууда

28 июня 2019 13:36 5288 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Алмата шаарындагы «Медеу» муз аянтындагы дааратканадан 16 жаштагы кызды зордуктаган жигит 3,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу  Stan.kz кабарлады.

Алмата шаардык соту кыз зордуктаган жигитти күнөөлүү деп таап соттоду, бирок ал чуу чыгарып күнөөсүн мойнуна албай жатат.

 “Анын аялы: “Кайда жүрсөң сени таап алам, эртең турмушка чыгасың, болочогуңду ойлон”,-деп мени коруктуп жайыма койбой жатат. Бул жерден көчүп кетет окшойм”,-деп айтты жабыркаган 16 жаштагы кыз. Ал зордукчуга 3,5 жыл өтө эле аз мөөнөт деп нааразы болуп жатат.

Эскерте кетсек, март айында  Алмата шаарындагы «Медеу» муз аянтындагы дааратканадан 16 жаштагы зордуктаган жигит кармалаган. Ал буга чейин дагы эки ирет кыз зордуктап соттолгон. Бирок үй-бүлөсү, балдары бар экени маалым болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kajda-zhrs-taap-alam-zordukchunun-ayaly-kelip-zorduktalgan-kyzdy-korkutuuda



Добавить комментарий