Видео. Каирдеги кырсыкта каза болгондордун арасында Кыргызстандыктар жок

27 февраля 2019 17:13 6811 Barometr
Поделиться в:
ok

Египеттин борбору Каирдеги башкы темир жол бекетинде чыккан өрттөн каза болгондордун арасында Кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаментинен barometr.kg сайтына билдирди. Сауд Аравиясындагы элчилик берген алдын ала маалымат боюнча күтүүсүз кырсыкка кабылгандардын ичинде Кыргызстандын жарандары жок.

Эске сала кетсек, бүгүн Каирдин четиндеги Рамзес темир жол станциясында катуу ылдамдыкта бараткан жүргүнчү ташуучу поезд жолдон чыгып кетип, өрттөнгөн. Буга өрткө май куйган бак жарылып кеткени себеп болгону болжолдонууда. Кырсыктан 20даш ашык адам каза болуп, дагы көптөгөн жүргүнчү жаракат алганы айтылууда. 

Жеринде куткаруу иштери жүрүп жатканын эл аралык басылмалар билдиришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/kairdegi-kyrsykta-kaza-bolgondordun-arasynda-kyrgyzstandyktar-zhok



Добавить комментарий