Кафеде отуруп шеригине бир нече жолу бычак сайып жиберген жаран кармалды

1 июля 2022 12:00 1051 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте кафеде эс алып олтуруп шеригине бир нече жолу бычак менен сайып жиберген жаран кармалды. Бул тууралуу кайгуул кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 30-июнь күнү болжол менен саат 01:07 чамасында болгон.

"Милицияга Жибек-Жолу жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафелердин биринде жарандар урушуп, бычак менен сайып салды деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда эс алып отурган жарандар урушуп, бири экинчисин бычак менен денесине бир канча ирет сайып салган. Алган жаракатынан улам 1993-жылы туулган Д.Д. аттуу жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган А.Р. аттуу жаранды кармашып, Свердлов райондук ИИБнын Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн жеткиришкен", -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/kafede-es-alyp-oturup-sherigine-bir-neche-zholu-bychak-sajyp-zhibergen-zharan-karmaldy



Добавить комментарий