Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп дайындалды
Бүгүн, 21-августта дин таануучу Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.
Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгон.
Муфтий Маликовду жалпы жамаатка тааныштырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, муфтияттын кызматкерлери жана облустук казыяттар менен тыгыз кызматташууга чакырган.
Кадыр Маликов 1972-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал 2006-2007-жылдары Борбор Азиядагы Америка университетинин социалдык иликтөөлөр борборунун исламды изилдөө тобунун жетекчиси, Кыргыз-Орус (Славян) университетине караштуу стратегиялык талдоо жана алдын-ала божомолдоо институтунун ислам изилдөөлөрү боюнча жетектөөчү адиси болуп эмгектенген. 2017-жылдан бери Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп иштеп келаткан.
Муфтийдин мурдагы орун басары Замир Ракиев 10-августта Бишкек шаарынын казысы болуп дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/kadyr-malikov-muftijdin-orun-basary-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×