Кадамжайдын тургундары Оштун дарыгелерине кыям жөнөтүштү (Сүрөт)

4 августа 2020 10:44 1118 Barometr
Поделиться в:
ok

Кадамжай районунун жашоочулары Ош шаардык жана облустук ооруканасында иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жарым тонна малинадан жасалган кыям жөнөтүштү. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Бул кыямдар азыркы кырдаалда изоляция, обсервация жана стационарларда иштеп жаткан дарыгерлерге таратылат.

“Дарыгерлер тартып жаткан түйшүктү көрүп, Кадамжай районунун тургандары короосуна эккен малинадан кыям жасап, медкызматкерлерине берели дегенбиз. Анткени малинада витамин көп, пайдалуу экенин дарыгерлер өздөрү айтып келишет”, - деп билдирди “Кадамжай” жардам штабынын координатору Айтмат Азамжан уулу.

Ошондой эле, Бишкек шаарындагы дарыгерлерге дагы кыям жөнөтүү пландалууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kadamzhajdyn-turgundary-oshtun-darygelerine-kyyam-zhntsht



Добавить комментарий