Кадамжайда 30 батир мыйзамсыз менчикке сатылып кеткен
Баткен облусунда жеке тараптарга мамлекеттик мүлк мыйзамсыз берилип кеткен. Бул тууралуу Баш прокуратуранынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кадамжай шаарындагы “Кадамжай-Коммунальщик” мамлекеттик-муниципалдык ишканасына тиешелүү болгон 30 батир, 0,10 жана 0,15 га болгон эки жер тилкеси аталган ишкананын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдары тарабынан жеке тараптарга мыйзамсыз менчикке берилип кеткендиги аныкталды.
Башкача айтканда, аталган мамлекеттик мекеме-ишканалардын жооптуу кызматкерлери мыйзам талаптарын бузуу менен жогорудагы объектилерди сатуу боюнча укукка жат келишимдерди түзүшүп, кыймылсыз мүлктөрдү жеке жактарга сатып жиберишкен.
Бул объектилерди мамлекеттин менчигине кайтаруу максатында Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Баткен облустук административдик жана Кадамжай райондук сотторуна доо арыздар киргизилди.
Андан сырткары, тиешелүү кызмат адамдардын аракетине баа берүү үчүн КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 320-беренеси менен (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) козголгон өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kadamzhajda-30-batir-myjzamsyz-menchikke-satylyp-ketken-ketken
Добавить комментарий ×