Качкын макамы кайсы учурда берилбейт. Парламент “Качкындар жөнүндө” мыйзамдын жобосун карап жатат

3 марта 2020 12:36 415 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети качкындар жаатындагы маселелерди жөнгө салууга укуктук негиздерди түзүү максатында иштелип чыккан “Качкындар жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

“Качкындар жөнүндө” мыйзамдын жоболоруна ылайык, адамдарга качкын макамын берүү тууралуу өтүнмөнү каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:

- эгер адамга мындан мурда качкын деп таанууга кайрадан ачылган же жаӊы жагдайлар жок болгон шарттарда качкындар жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте баш тартылган болсо;

- эгер адам Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган өзгөчө оор кылмышы үчүн күчүнө кирген соттун өкүмү боюнча соттолсо;

- эгер адам мурда качкын макамын алып жана Кыргыз Республикасынан өзүнүн өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө туруктуу жашоого ыктыярдуу чыгып кеткен болсо.

Иштеп жаткан мыйзамда качкындардын өтүнмөлөрүн каттоодон баш тартуу жол-жоболору камтылбай калган. Мындай абал өлкөдөгү миграциялык кырдаалдарга терс таасирин тийгизүүдө. Анткени, айрым чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпей, мыйзамсыз мигранттардын катарын толуктоодо.

Ал эми “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамда чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар кылмыш жазасын өтөгөндөн кийин, эгерде тышкы миграция боюнча мыйзамдарда анын Кыргызстандын аймагында калуу негиздери болбосо, эл аралык келишимдерде жана жазык-аткаруу мыйзамдарында каралган тартипте өлкө чегинен тышкары чыгарып жиберилери көрсөтүлгөн.

Ошондон улам, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу мыйзамдардагы боштуктарды жоюу аракети жасалууда. Анын кабыл алынуусу Кыргызстандын качкындар боюнча эл аралык милдеттенмелерин мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен натыйжалуу аткарууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, Миграция кызматынын маалыматына караганда, азыр Кыргызстанда 215 качкын макамына ээ болгон адам бар. Ал эми өлкө аймагында иштөө үчүн жылына 17 миң чет өлкөлүк адамга эмгек квотасы берилүүдө. Алардан 2019-жылы 200 млн. сом түшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kachkyndar-zhnnd-myjzamdyn-zhoboloru-karaluuda



Добавить комментарий