Кабыландын кичинекей антилопага кол салган видеосу

22 мая 2021 11:41 1198 Айпери Эшенкулова
Поделиться в:
ok


Танзаниядагы Серенгети улуттук паркында гид Фрэнсис Кижази кабыландын олжосуна кол салбай бир топко чейин турганын видеого тартып алган. Бул тууралуу National Geographic сайтынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Кижази окуяга 40 мүнөткө чейин байкоо салып турган.

400 метр аралыктан кичинекей антилопаны байкаган жырткыч акырын аңдып келген. Арык, сыртынан караганда эле чарчаганы көрүнүп турган кичинекей жаныбар артынан келген коркунучту байкаган эмес.

Гид аны энесинен адашып калган окшойт деп жазган. Видеодон көрүнгөндой олжо алсыз болгондуктан көлөкө жерге басып бара албай, кактаган күндө чымын-чиркейлерден куйругу менен чапкылап турган”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kabylandyn-kichinekej-antilopaga-kol-salgan-videosu



Добавить комментарий