Кабулдагы кош жардыруудан 20дан ашык адам набыт болду
Кабулда бир убакытта катары менен кош жардыруу болуп, анын кесепетинен 20дан ашык адам өлдү. Окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, Кабулдагы күрөш боюнча машыгуу борборуна кирип жанкечти өзүн-өзү жардырган. Бир аздан кийин ошол эле жерге полиция кызматкерлери, кабарчылар жана эл чогулган кезде дагы бир жардыруу болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз өкүлү Вахид Мажор билдиргендей шийиттер көп жашаган райондогу кол салуудан 70тей киши жаракат алганы айтылууда.
Теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. 15-августта ошол эле чөлкөмдө билим берүү борборундагы жардыруу ондогон окуучунун өмүрүн кыйган.
Ал кол салууну “Ислам мамлекети” радикал уюму уюштурганын билдирген.
Ссылка: https://barometr.kg/kabuldagy-kosh-zhardyruudan-20dan-ashyk-adam-nabyt-boldu
Добавить комментарий ×