Кабулда жан кечти чогулган адамдардын ортосуна барып жарылды

21 ноябрь 2018 10:10 953 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ооганстандын баш калаасы Кабулда диний адамдар чогулган жерде жан кечти өзүн-өзү жардырып, кеминде 40 тай адам каза болду. Бул тууралуу Ооганстандагы ММКлар билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, жанкечти Мухаммед Пайгамбардын туулган күнүндө өтүп жаткан үйлөнүү үлпөтүнө келгендерди бутага алган. Ал чогулгандардын так ортосуна барып өзүн жардырдан. Каза болгондордон сырткары 70тей адамдар ар түрдүү жаракаттарды алгандыгы айтылды. 

Азырынча ким тарабынан болгону тууралуу маалыматтар тактала элек. 

Бул окуя Кабулдагы акыркы айларда катталган эң кандуу окуялардын бири болуп калды. 

Ссылка: https://barometr.kg/kabulda-zhan-kechti-chogulgan-adamdardyn-ortosuna-baryp-zharyldy



Добавить комментарий