Кабулда катуу жарылуу болду. Өспүрүм балдардын денелери жарылуудан чачырап кеткен
Ооганстандагы билим берүү борборундагы жарылууудан 48дей өспүрүм балдар мерт кетти. Бул тууралуу ББС маалымат кызматы кабарлайт. Жарылуу сабак өтүлүп жаткан учурда болгон. Жергиликтүү полициянын айтымында өзүн өзү жардырган жан кечти имараттын ичине кирип барып, белине тагылган жардыргыч зат менен кошо өзү дагы күйүп кеткен. Бул окуяга биздин тиешебиз жок деп билдиришти Талибтердин кыймылы тарабынан.
Күбөлөрдүн айтымында университетке даярданып жаткан балдардын көпчүлүгү катуу жарылуудан улам бөлүктөргө бөлүнүп кеткен. Асадулла аттуу бала 17 жаштагы инисин куткара албай калган. "Ал абдан зээндүү, классындагы алдынкы жакшы окуган балдардын бири болчу, эми жок, өлгөн денесин да таппай калдык"-деп билдирген жергиликтүү маалымат агенттиктердин бирине.
Окуя 15-августта жергиликтүү убакыт менен алганда 16:00 чамасында Кабулда болду.
Добавить комментарий ×