Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайын сатып алууга кимдер кызыктар? Чындап эле жеке менчике берилеби?
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы жеке менчике берилет экен деген сөз эл арасында тарады. Жылына жүздөгөн ар кандай спорттук мелдештер, маданий иш-чаралар, жарманкелер өтүп келе жаткан бул жайды кимдер сатып алууга кызыктар экени көпчүлүктү ойлондурат. Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайынын директору Канат Шабданбаев менен маектешип, бул маселе боюнча пикирин уктук:
“Спорт ордосу жеке менчикке берилет экен деген кеп Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматовдун айткан сөзүнөн улам тарап жатат. Бул болгону эл өкүлүнүн сунушу. Негизи мыйзам боюнча мындай имараттар сатылбайт. Жеке менчикке өткөрүү үчүн анда мыйзамга өзгөртү киргизиш керек болот. Азыр үч берене менен менчикке өтпөй кармалып турат. Менин оюм боюнча спорт ордосун сатып жиберсек мамлекетке күч келип калат. Анткени бардык спорттук иш-чаралар биздин имаратта өтөт. Мисалы 2018-жылда спорттун ар кандай түрүнө байланыштуу 160тан ашык мелдеш өтүптүр. Эми мындай жайды сатып жиберсек анда кожоюнуна ижара төлөөгө туура келет. Андан көрө биз капиталдык оңдоп-түзөө иштерин аткарышыбыз керек. Коңшу Өзүбекстан деле биздикиндей спорт ордосун толук кандуу оңдоп алып иштетип жатышат” - деп маалымат берди.
Мындан тышкары 2018-жылдын февраль айында 900 000 сом акча бөлүнүп, оңдоп түзөө иштери бир аз аткарылганын кошумчалады. Өз сөзүн “азырынча сатып алам деген кардарлар деле жок”, “бул болгону сунуштун артынан айтылып жаткан сөздөр” – деп толуктады.
Белгилей кетсек Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайы Кыргыз ССРинин мамлекеттик спорт комитетинин демилгеси менен Москва шаарындагы “Союзспортпроект” уюму тарабынан 1967-жылы долбоорлоо ишине киришкен. 1969-жылы долбоорлоонун сметалык документтери бүтүрүлгөн. 1971-жылы курулуш иштери башталып, 1974-жылы октябрда ишке киргизилген. Бирок курулуш иштери толугу менен бүткөрүлгөн эмес. 1978-жылга чейин бүтүрүү кабыл алынган. Эскилиги жеткен имарат бүгүнкү күндө бир топ оңдоп-түзөө иштерине муктаж.
Добавить комментарий ×