Үйүнө чейин акмалап барып, баштыкты жула качты. Бишкекте чак түштө болгон окуянын видеосу

29 января 2020 13:58 978 Barometr
Поделиться в:
ok

Криминалдык милициянын ыкчам кызматынын өкүлдөрү тоноочулукка шектелген кишини кармашты. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2019-жылы 20-декабрда милицияга Т.А. аттуу аял кайрылып, түштү саат 15:00дөр чамасында “Тунгуч” кичи районундагы үйүнүн кире беришинен бейтааныш киши тоноп кеткенин айткан. Аял үйүнө кирип баратканда анын колундагы баштыгын жула качып, изин жашырып кеткен. Баштыктын ичинде Samsung үлгүсүндөгү эки телефон, 15 миң сом жана ID-карта болгон.

Алдын ала маалымат боюнча 30 миң сомго зыян келтирилген.


Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү болжолдуу кылмышкердин ким экенин аныктап, ал ГУМ соода борборунан аялдын кассадан акча алып жатканын көрүп, аны артынан акмалап келген болушу ыктымалдыгын билдирди. Андан кийин ал аялды “Тунгучтагы” үйүнө чейин аңдып барган. Ал изин жашыруу үчүн кылмышка барар алдында үстүндөгү күрмөсүн чечип салган.

Милиция шектүү катары 20 жаштагы М.Э. аттуу баланы кармады. Октябрь райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, шектүү жарандын башка кылмыш иштерине катыштыгынын бар, жогу иликтенүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/jn-chejin-akmalap-baryp-bashtykty-zhula-kachty-bishkekte-chak-tsht-bolgon-okuyanyn-videosu



Добавить комментарий