Үйлөнүүгө акчасы жетпеген жигит башчысын өлтүрүп, үйүн тоноп кетти

4 июля 2019 14:05 3152 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Шымкент калаасында жубайларды өлтүрүп кеткен Эрсултан Кулахметов боюнча сот иши аяктап, ал 25 жылга кесилди. Бул тууралуу sputniknews.kz. булагы кабарлады.

Ал ушул жылдын 6-февралында Шымкент шаарындагы үч кабат үйгө кирип 64 жаштагы үй ээсин башка атып салган. Ал эми анын жубайы 62 жаштагы аялдын мойнуна 20 ирет бычак сайып жана дубалды сүзгүлөтүп өлтүргөн.

Полиция берген маалыматка таясак, каза тапкан үй ээси колунда бар адам болгондуктан 28 жаштагы Эрсултан Кулахметовду жеке айдоочусу катары иштетип жүргөн. Мындан улам үй-бүлө жана алардын турак жайы менен кылмышкер жакшы тааныш болгон.

Кылмышкер жубайларды өлтүргөндөн соң 4 миллион теңгеге барабар алтын буюмдарды алып кеткен.

Кулахметов кармалганда кылмышын мойнуна алып бул ишке атайлап барганын, анткени үйлөнгөнгө акча каражаты жетпей калганын айтты. Ошондуктан ал курал, бет кап сатып алып  кечки саат 10дор чамасында аталган үйгө кирген дагы үй ээлерин өлтүрүп, өзү таксиге отуруп кетип калган.  

Эми 25 жылд темир тор артында өткөрмөй болду.

Ссылка: https://barometr.kg/jlng-akchasy-zhetpegen-zhigit-bashchysyn-ltrp-jn-tonop-ketti



Добавить комментарий