Үйдүн энергиясын, аурасын жакшыртуучу кеңештер

27 января 2022 09:00 13625 Barometr
Поделиться в:
ok

Адамдын жашап жаткан үйү чеп катары аны оор жана терс таасирлерден коргоп туруусу зарыл. Бирок үйдүн энергетикасын же аурасын кантип тазалап, жакшыртыш керек экенин бары тең эле биле бербейт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Үйдү таза кармоо

Кээде үйдүн аурасы качкансып, үй- бүлө мүчөлөрүнүн маанайы түшүп, башкача бир терс энергия пайда болот. Мунун башкы себеби үйдүн чачыктагы. Үй ичинен хаос болушу үй-бүлө мүчөлөрүнүн көйгөйлөрүнөн кабар берет. Баш аламандык жана иретсиздик болгон үйдө оң энергия жоголуп, аурасы начарлайт. Андыктан үйүңүздү тыпырайтып жыйнап, ирээтке келтирип алсаңыз өзүңүздүн дагы, үй-бүлө мүчөлөрүнүн дагы кабагы ачык болот.

Гүл өстүрүңүз

Үйдөгү энергияны жакшыртып, атмосфераны тазалоо үчүн бөлмөлөрүңүздү бакчага айлантыңыз. Гүл үйдөгү жагымдуу энергияны жакшыртып, абаны тазартып, адамдын жашоого болгон оң көз карашын күчөтөт. Маселен, рапис, чырмалып өскөн гүлдөр, гербер жана магнолия сыяктуу өсүмдүктөр абаны токсиндерден жакшы тазалайт.

Жарыктык

Үй канчалык жарык болсо, ошончолук аруа жакшы болот. Жарык жашоо энергиясын тартуулайт. Андыктан үйүңүздү эч качан караңгылатпаңыз. Бөлмөлөргө күңүр түстөгү терезе парда тартып коюу дагы туура эмес. Эгер үйүңүз жарык көрүнүп, маанайыңыз көтөрүңкү болсун десеңиз ачык жана жеңил парда тандаңыз.Ошондо үйүңүз күн нуруна бөлөнүп жеке мейкиндик сакталат.

Үйдө илинген сааттар иштеп туруусу керек

Үйдө сааттын токтоп калуусу, энергиянын дагы токтоп калуусуна чоң таасир тийгизет. Акырындык менен оор жана терс аураны жаратат. Эгерде саат оңдолбой турган болсо, аны ыргытуу керек.

Буюмдарды кайра коюштуруп, ремонт кылып туруу зарыл: Үйүңүздөгү буюмдрдын ордун алмаштырып, ремонт кылып турсаңыз, энергия дагы жаңыланып, тазарып турат. Биринчи кезекте сырды жана дубалдагы тушкагазды алмаштыруу шарт. Дубал оң жана терс эмоцияны сиңирип алуу касиетине ээ болгондуктан, анын дайыма жаңылап туруу керек.

Шам

Үйүңүздө шамдын болуп туруусу дагы жакшы. Жанып турган шам терс энергияны жок кылып, курчап турган мейкиндикти жакшыртат.

Ссылка: https://barometr.kg/jdn-energiyasyn-aurasyn-zhakshyrtuuchu-keeshter



Добавить комментарий