Үйдө жылаңач басып жүргүңүз келсе. Адаттарыңыз сиз жөнүндө эмне айтып турат?
Биз коомчулуктун, элдин көзүнчө кандай адам болуп көрүнүүгө тырышпайлы, бирок күн сайын жасаган өзүбүзгө сезилбеген адаттарыбыз кулк-мүнөзүбүз тууралуу маалымат берип турат. barometr.kg төмөндө психологдор белгиленген мындай адаттардын айрымдарына көз жүгүртүүнү сунушайт.
Үйдө жылаңач басып жүргөндү жакшы көргөн адат
Бул көбүнчө өзүнө аябай ишеген адамдардын адаты: алардын өзүн-өзү баалоосу калыбында.Мындай адамдар канча жашка чыкпасын тубаса лидер, бир ишке кызыгып, коомчулук меннен аралашып турууну каалаган адамдар болот. Алар өздөрүнө улам жаңы дүйнө ачып, жаңы адамдар менен таанышып жүргөндү жактырышат.
Түн ичинде идиштерди жуубай таштап салуу
Көбүнчө түн ичинде кир идишти жуубай таштап салган адамдар пайда болгон маселени өз убагында чечпей жүрө берген жандар болот. Көбүнчө мындай адамдар күтүү позициясы менен жашашат.Балким маселе өзүнөн-өзү чечилип кетеби деп ойлошот.
Дайыма кол саат тагынып жүрүү
Нан сатып алганы барса дагы кол саатын тагынып алган адамдар бар, бул алардын дымактуу, төрөпейил, так жүргөн жана педант адамдар экенинен кабар берет.Алар баарын чын пейилден аткарып, кайсы ишти болбосун майын чыгара жасаганга жөндөмдүү, жоопкер жана мыкты аткаруучулар.
Денеге татуаж чектирген адат
Мындай адам жалпы калың элден бөлүнүп, өзгөчөлөнүп турууну каалайт, Ал оргиналдуу болуп көп ишти өзү каалагандай жасоону жактырат. Булар активдүү, бат эле дос болуп тил табыша кеткен адамдар. Канчалык татуажы көп жасалса ошончолук адамдар менен тил табышкан ачык-айрым жандар болушат.Канчалык денесине сүрөт чектирүүнү кааласа ошончо экстраваганттуу болушат.
Дайыма колунан телефон түшпөгөн адамдар
Мындай адамдар эмоцианалдык жактан туруксуз болушат, ал тургай реалдуу дүйнөгө чыгуудан качышат, виртуалдуу дүйнө менен болгулары келип мындай жол менен жан дүйнөсүндөгү жаракаттарды айыктыргысы келишет.
Көп эле селфи кылгысы келген адамдар
Селфи кыла берген адам же болбосо мода тенденцияларын кубалаган, эстет, педант адамдар болушат же болбосо мындай адамдар ички дүйнөсүндөгү тынчы кетүүнү ушундай жол менен жаап жашырууга аракет кылап жатышат.
Эл арасында катуу күлүп, каткыргысы келген адамдар
Мындай адамдарга көбүнчө “бош челек көбүрөөк дүңкүлдөйт” деген макал ылайык келчүдөй. Алар көңүл борборунда болууну каалашат, баары аны жактырып турса деп самайт.Же болбосо мындай адамдардын арасында кескин түрдө шок кылган окуяга кабылып ошондон соң күлүп калган адамдар да кездешет.
Ссылка: https://barometr.kg/jd-zhylaach-basyp-zhrgz-kelse-adattaryyz-siz-zhnnd-emne-ajtyp-turat
Добавить комментарий ×